Ошто имамдар экстремизм жана терроризм боюнча окуудан өтүштү

Ош облусунун имамдарынын диний жактан билимин өркүндөтүү максатында Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы тарабынан ‘‘Өлкөдөгү экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө имамдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана чыңдоо‘‘ деген темада семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу 31-октябрда Ош облустук казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов катышты. Р.Эратовдун айтымында, семинардын максаты 2014-жылдын 3-февралындагы КРнын Коргоо кеңешинин чечимдерине ылайык, экстремизм жана радикализм менен күрөшүү боюнча муфтиятка берилген атайын тапшырмаларды жүзөгө ашыруу болуп саналат. Семинарда УКМКнын жана Ош ОИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүү мыйзамда кандай тартипте каралгандыгы боюнча окуу өткөрүштү. Эки күндүк семинардын жыйынтыгында имамдар өлкөдөгү экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бир топ жогорулатып, ар түрдүү кырдаалдарда маселени чечүү боюнча тажрыйбаларга ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан