Чүй облусундагы жогорку вольттуу трансформаторлор жаңыланып, алардын ордуна кубаттуулугу күчтүүлөрү коюлууда

“Түндүк электр” ишканасы энергообъектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин улантууда. Анын алкагында көмөк чордондорго жаңы трансформаторлор коюлууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, бул жумада Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы жогорку чыңалуудагы “Майская” 35/6 кВт көмөк чордонундагы 6300 кВт аз кубаттуу трансформатору жаңы 10 000 киловольт-ампер (кВт) кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштырылды.

Аламүдүн районуна караштуу дагы бир жогорку вольттогу “25-лет Киргизии” көмөк чордонунда күчтүү трансформаторго алмаштыруу боюнча алдын алуу иштери жүрүүдө. Ал жерге кубаттуулугу 6300 кВт трансформатордун ордуна жаңысы орнотулмакчы. Жаңы трансформатордун кубаттуулугу 10 000 кВт түзүп, анын баасы 9 миллион сом турат.

“Акыркы жылдары айтылган көмөк чордондор кыш мезгилинде 100 пайыз иштөө нормасынан ашык, 110-120 пайыз ашыкча жүк менен иштечү. Эми Аламүдүн районундагы көмөк чордондордун кубаттуулугу жаңы орнотулган күчтүү трансформаторлордун эсебинен 6,1 мегавольт-амперге жогорулайт. Бул көмөк чордондун ашыкча жүктөм көйгөйүн чечип, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт”,- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2014-10-31 20:59:24
Бул жакшы саамалык экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан