Каракол шаарында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында Ысык-Көл облусунун 75 жылдыгына жана Каракол шаарынын 145 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Илимий-практикалык конференция “Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык аспектилери жана экологиялык көйгөйлөрү” темасында өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө пленардык баяндамалар окулуп, андан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев жана тиешелүү кызматкерлер катышты.