Бишкекте Ботаникалык сейил багынын көркүн ача турган спирея өсүмдүгүнүн көчөттөрү отургузулду (фото)

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте КРнын Илимдер академиясынын Ботаникалык сейил багында спиреянын көчөттөрү отургузулду. Корея эл аралык кызматташтык агенттиги жана аталган академия уюштурган иш-чарага 50 чакты адам катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, спиреянын 3 түрүнөн 25 көчөт отургузулду. “Спирея - абдан кооз өсүмдүк. Жакынкы суук кыш ага коркунучтуу эмес. Жазында бул көчөттөр гүлдөп, сейил багынын көркүн ачат”,- дешти алар.

Ботаникалык сейил багынын башчысы Туратбек Мусуралиев бул иш-чарага активдүү катышты. “Көчөттөрдү, бак-дарактарды отургузууга бир жылда бир жолу гана эмес, ай сайын келүүгө чакырам”,- деп кайрылды катышуучуларга ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
forestmen
2014-11-01 15:45:53
Кубанаарлык иш чара болуптур. Менин эски коллегаларым.
+3
baiysh0704
2014-11-01 19:15:11
Бул кочотторго кароолчу коюш керек,болбосо уурдап кетишет.
+2
narjan
2014-11-05 09:39:41
baiysh0704, Ботаника багынын кароолчусу бар. Ошол жерде бир там туратко,администрациянын артында, ошол үйдө жашайт экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан