КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өлкөнүн 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамасында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселеге токтолду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун калкы көмүр менен 26 пайызга, бул облуста билим берүү мекемелери 68 пайызга камсыз болгон. Ошондой эле Лейлек районунун Исфана шаарындагы “Наристе” балдар бакчасы бул муктаждыктын 30 пайызы менен гана камсыздалса, “Келечек” 4 пайызга гана камсыз болгон. Ал кошумчалагандай, социалдык объектилерди кышка даярдоо боюнча иштер Баткен, Сүлүктү, Талас, Майлы-Суу шаарларында жана Ала-Бука, Кемин, Панфилов райондорунда начар жүрүүдө.