Ош шаардык мэриясы тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки автобус тапшырылды. Автобустардын ачкычын мэр Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 1-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу аземдин жүрүшүндө тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, андан тышкары Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары 40тан ашуун күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлерге тапшырылды. Ошондой эле ички иштер министри Мелис Турганбаевдин атынан Ош шаары жана Ош облусунун башкы бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге «Кыргыз милициясына 90 жыл» медалын тапшырды.