Кетмен-Төбөнүн тургундары 12 500 гектар сугат жер суу алдында калганын айтып, жаңы айдоо жерлери боюнча маселе көтөрүштү

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна иш сапары менен барып, калк менен жолугушууда. Жолугушуулардын жүрүшүндө кетмен-төбөлүктөр 12 500 гектар сугат жер суу алдында калганын айтып, жаңы айдоо жерлерин көтөрүү маселесин козгошту. Парламент жетекчиси 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү программасында 2017-жылга чейин 50 миң гектар жерди өздөштүрүү пландалганын, анда Токтогул району дагы эске алынарын белгиледи. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

“Ошол планга Токтогул районун дагы киргизиш керек. Кызматкерлериңизди жөнөтүңүз, алар тактап чыгышы керек” деген А.Жээнбеков анын аткарылышын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге тапшырды. Ал буга улай айыл чарбасына көңүл бурулуп, мурдагыга салыштырмалуу айыл чарба техникалары көбүрөөк бериле баштаганын, 2009-жылы дыйкандарга 100 миллион сом кредит берилип келсе, быйыл ушул айга чейин бул көрсөткүч 5 миллиард 200 миллион сомго жеткенин мисалдады. Жыл аягына бул көрсөткүч 6 миллиард сомго чейин жетиши ыктымал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан