Бүгүн Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу 3-ноябрда “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленинское, Мыкан, ПМК-3, Көк-Жар, Бер-Булак, Арчалы, Байтик, Лебединовка, Пригородное, Төмөнкү Ала-Арча айылдарында жана Кара-Балта шаарында электр жарыгы 09:00дөн 17:00гө чейин үзгүлтүккө учурайт. Буга трансформаторлорду оңдоо иштери себеп болууда.