Аталган акция 1-ноябрда башталган жана 18-ноябрга чейин уланмакчы. Анын жыйынтыгы менен оорукчан 47 балага операция жасалуусу күтүлүүдө. Дарылоо иштерин жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер жүргүзмөкчү. Кан тапшырууну каалаган жарандардын “жугуштуу оорусу жок” деген тастыктамасы болушу зарыл.
Иш-чара “Благо.kg” коомдук фонду жана Республикалык кан борборунун колдоосунда уюштурулууда.