31-октябрь күнү Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районунда кыргыз-кытай чек арачылары биргелешкен окуу өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуунун жүрүшүнө Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев жана Кытай Эл Республикасынын Чек ара кызматынын директору У.Дунли күбө болушту. Иш-чаранын максаты чек арада болгон окуяларга биргелешип чара көрүү жана эки тараптуу кызматташууну арттыруу болгон.