Кадамжайда кызмат учурунда курман болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз милициясынын 90 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанаттын башында кызмат учурунда жан берген милиция кызматкерлеринин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Иш-чарада концерттик программа тартууланып, Кадамжай районунун милиция кызматкерлери Бегали Ахметов, Медер Иметовго ИИМдин медалы тапшырылды. Мындан тышкары 25 мыкты кызматкерге Ардак грамота жана 48 милиция кызматкерине акчалай сыйлык берилди. 
Райондун администрациясы тарабынан кызмат учурунда каза болгон 9 милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө акчалай жардам, ошондой эле 52 милиция ардагерине акчалай сыйлык жана баалуу белектер ыйгарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан