3-4-ноябрь күндөрү Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча тегерек столдор өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда “Таза шайлоо” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараларда Каттоо кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык кеңештердин депутаттары, аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жарандарга биометрикалык маалыматтарды каттоо тууралуу суроолорго жооп беришет. Тегерек столдордун жүрүшүндө тургундар өз пикирлерин жана сунуштарын билдире алышат.