Бүгүн, 3-ноябрда маалымат жыйынында Кара-Балтанын тургундары “Жунда” мунай иштетүүчү ишканасынан шаарга кеткен борбордук канализацияны токтотуп, башканы орнотуу талабын айтышты.
Кара-Балтанын 63 жаштагы тургуну Толгонай Ахматованын айтымында, аталган заводдун кытай кызматкерлери тарабынан ошол канализацияга зыян таштандылар ташталууда. “Бул калдыктар шаарга жетип, үйлөрдө, социалдык мекемелерде жагымсыз жыттарды чыгарууда. Мындан тышкары ачык люктардан да жыт чыгып, бүт көчөгө тарап жатат. Мындан улам айрым тургундардын ооруп калган учурлары да бар. Балдарыбыздын ден соолуктарына зыян тийбесин деп башка шаарлардагы туугандарга жөнөтүүгө туура келүүдө”,- деди ал.
Андан соң Т.Ахматова тургундардын талаптары тууралуу айта кетти. “Негизи, “Жунда” заводунун ишмердүүлүгүнө каршы эмеспиз. Тургундардын саламаттыгына терс таасир тийгизбей иштегенине макулбуз. Бул үчүн башка канализацияны салуу керек”,- деп пикири менен бөлүштү.
Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу, “Асыр” коомдук уюмунун көз карандысыз экологу Карыпбек Серенов өкмөт тарабынан кытай инвесторлоруна 217 гектар жер тилкеси берилерине нааразы болду. “Жунда” компаниясы тургундардын колдоосуна ээ болуш үчүн аларга ун, акча каражат берүүдө. Бул заводдун маселесин 4 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз, бирок бийлик көңүл бурбай келет. Элде нааразычылык толуп, “Жунда” ишканасына каршы чыгып, басып алышы мүмкүн”,- деп толуктады Серенов.