3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 480 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 26,9 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 185 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 230 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 492 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 467 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 3-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 703 миллион метр кубду түзгөн.