Бишкек шаарында 20-31-октябрга чейинки аралыкта 14 527 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чаралары борбордун 4 районунда жана бардык мамлекеттик мекемелерде жүрүүдө. Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери Маалымат жана туризм министрлигинде жана Мамлекеттик чек ара кызматында да кызуу жүрүүдө.
Октябрь районундагы №63, 56-орто мектептердеги биометрикалык маалыматты топтоо жайлары убактылуу 10-кичи районундагы И.Арабаев атындагы КМУнун филиалына, ал эми Көк-Жар жаңы конушундагы №88-орто мектептегиси КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигине которулган.
Бүгүн, 3-ноябрда биометрикалык маалыматты топтоо үчүн КРнын Жогорку Кеңешинде атайы 5 жабдык орнотулган. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигине 1 жабдык коюлганы маалым болду.