Өкмөт үйүндө Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтүп жатат

Бүгүн, 3-ноябрда Өкмөт үйүндө Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтүүдө. Күн тартибине ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 4 маселе каралмакчы:

1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жеткирүү боюнча жүргүзүлгөн Улуттук пландын аткарылышы боюнча маалымат. Бул тууралуу баяндаманы социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев окуп берет.

2. “Пекин+20” иш-аракеттер платформасы жана Пекин декларациясынын алкагындагы сереп.

3. “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама.

4. 2015-жылга КРнын Өкмөтүнүн Гендердик теңдик боюнча улуттук кеңешинин планын бекитүү.

Иш-чара вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилигинин астында өтүп, анда парламент депутаттары Асия СасыкбаеваДамира Ниязалиева жана Айнуру Алтыбаева катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан