Бүгүн, 3-ноябрда Өкмөт үйүндө гендердик теңдик маселеси
каралууда. Анын жүрүшүндө депутат
Дамира Ниязалиева аялдарга бийликке келүүгө мыйзам тарабынан тоскоолдуктар бар экенин билдирди.
"Аялдар кайсы жетекчи кызматта дайындалышы же шайланышы мүмкүн экендиги мыйзамда так жазылган эмес. Алардын көбү мекемелердин башчыларынын орун басарлары кызматтарында иштеп жатат. Мисалы, министр кызматына премьер-министр 3 талапкерди коё алат. Бирок өкмөт башчы бул укугун пайдаланбайт. Мындан тышкары парламентте аял-депутат кызматынан кеткенде, фракциялар анын ордуна башка аялды эмес, эркекти коёт. Мындай көрүнүштү мыйзамга толуктоо киргизүү аркылуу өзгөртүү керек",- деди ал.
Депутат айым Асия Сасыкбаева: "Жогорку Кеңеште аялдардын санынын аздыгынан аялдардын укуктары боюнча демилгелер ишке ашпай калууда",- деп пикири менен бөлүштү. "Республикада аял-министрлер, аял-депутаттар бар. Бирок парламентте 25 эле айым бар. Бул жетишсиз. Ал эми аймактарда мэр, айыл башчы, губернатор кызматтарында аял өтө эле аз",- деди ал.
Андан соң А.Сасыкбаева аялдарды алып качууда милиция кызматкерлери эркектерге болушарына нааразычылыгын баса белгиледи.