Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү
№4-көп кабаттуу үйдө, Мурас-Ордо, Эне-Сай, Дордой-2, Келечек конуштарында аба электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин (борбор бөлүгүндө), Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Зелёная, Жаңы, Коллекторная, Логвиненко, Панфилов көчөлөрүндө), Пригородное (Марат, 8-Март, Лесная, Островский, Дорожная, Широкая, Серёгин, Береговая көчөлөрүндө), Достук, Арашан (Кошокбек, Молдобек көчөлөрүндө), Беш-Күнгөй (Ткачев, Новая көчөлөрүндө), Кой-Таш (түштүк бөлүгүндө), Кызыл-Бирлик, Горная Маевка, Көк-Жар (Карагул Акмат, Майрам, Кыял, Төрт-Күл), Заречное айылдарында жана Учкун конушунда, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Центральная, Кожомбердиев, 8-Март, Пушкин, Крылов, Бекет, Ракетная, Ленинград, Чапаев, Совет, Луговая, Труд, Крупская көчөлөрүндө жана “Эркин” базарында) шаарында жарык өчөт.
Мындан сырткары Ысык-Ата районундагы Новопокровка (Ленин 510-534, Турсун-Бяр, Мичурин, Чапаев, Атай, Пушкин, Манас көчөлөрүндө) айылында, Токмок шаарынын шекер заводунун кыштагында “Токмок”, “Лебединовка”, “Жайыл”, “Калининская”, “Степная”, “Карагачевая”, “ДСК”, “Майская”, “Стрельниковой”, “Орок”, “25-лет Киргизии” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларындагы жана “Главная” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.