Малайзиялык Ислам башкармалыгы өлкөдө Хэллоуин майрамын белгилөөгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Бул майрам шарияттын баалуулуктарына карама-каршы келет. Батыштын салтка айланып калган Хэллоуин майрамын өлкө аймагында белгилөөгө тыюу салынат. Аталган майрам аркылуу арбактарды эскерүү - күнөө иш”,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматта айтылгандай, бул майрам мусулмандар арасында белгиленбеши керек. Ислам дининде көзү өтүп кеткендерге куран окуп, алар үчүн дубалар гана кылынышы кажет.
Эске салсак, Хэллоуин майрамы дүйнө жүзү боюнча 31-октябрь, 1-ноябрь күндөрү белгиленип келет. Анда адамдар ар кандай коркунучтуу образдарды жаратып, көчөлөрдү кыдыруу менен коштолот. Бирок акыркы жылдары аталган майрамды белгилөөгө бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган.