Республикада 6-7-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Мындан улам зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болот. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо суук -20°Сга чейин болушу күтүлөт.