Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Баткен шаарына барат

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 6-7-ноябрь күндөрү иш сапары менен Баткен шаарына барат. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, муфтий өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Раззаков менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алкагында учурдагы диний кырдаал, дин жаатында болуп жаткан жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланат. 

Ошондой эле муфтийдин облустук бийлик, дин кызматкерлери, имамдар менен да жолугушуп, өлкө аймагындагы жалпы диний кырдаал тууралуу, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу баарлашуусу пландалууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан