Социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл башынан бери чет өлкөдө ташталган 17 баланы Кыргызстанга кайтарып келди. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы жолу 4 жаш бала мекенине кайтарылды. 5 айдан 3,5 жашка чейинки курактагы балдардын экөө кыз жана экөө эркек экени айтылат маалыматта. Министрлик бюджеттен каралган акчанын эсебинен балдарды кайтаруу иштерин жүргүзүп жатат. Кайтарылган балдар атайын балдар үйүнө жайгаштырылды.