Маалым болгондой, тоют даярдоо боюнча төмөн көрсөткүчкө Баткен облусу ээ болду, ал 22,9 пайызды түзүүдө. Азыркы учурда дан өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарында аяктаган. Республика боюнча буудайдан 632,0 миң тонна, арпадан 219,7 миң тонна, жүгөрүдөн 504,7 миң тонна түшүм алынды.