Бүгүн, 4-ноябрда "2014-2017-жылдарга болгон электр энергиясы боюнча тарифтик саясат" темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев имараттарын жылытууга, электр энергиясын үнөмдөөгө кайдыгер мамиле кылган бюджеттик мекемелерди сынга алды.
"Мамлекеттик мекемелер бюджеттен каржылангандыктан, электр энергиясын анча үнөмдөшпөйт. Кызматкерлер имараттарынын терезелерин жылуулатып, эшиктерин ачык бойдон калтыра бербей улам жаап, суук абаны киргизбөөгө аракет жасаса, жылуулук сыртка чыга бермек эмес. Мындан тышкары электр энергиясын кереги жок маалда өчүрүп туруу керек. Тилекке каршы, ушуга салкын мамиле болгондуктан, бюджеттик мекемелер электр энергиясынын 48 пайызын жөн эле кетирүүдө. Мындан улам жаңы тарифтик саясатты түзүүдө бул маселе эске алынууда",- деп түшүндүрдү министр.