Бишкек шаарында 4-ноябрга карата 17 252 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чаралары борбордун 4 районунда жана бардык мамлекеттик мекемелерде кызуу жүрүүдө.
Ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери 1-ноябрь күнү Маалымат жана туризм министрлигинде жана Октябрь райондук администрациясында да жүргүзүлдү.
Октябрь районундагы №63, 56-орто мектептердеги биометрикалык маалыматты топтоо жайлары убактылуу 10-кичи районундагы И.Арабаев атындагы КМУнун филиалына, ал эми Көк-Жар жаңы конушундагы №88-орто мектептегиси КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигине которулган.
Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматты топтоо максатында КРнын Жогорку Кеңешинде да атайы 5 жабдык орнотулган. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигине 1 жабдык коюлган.