Капиталдык курулуш башкармалыгы борбордогу 4 жол кесилишине жол чырак сатып алууга тендер жарыялады

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы баш калаанын көчөлөрүнүн 4 кесилишине жол чырак орнотуу боюнча сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Маалым болгондой, жол чырактар Бөкөнбаев – Тыныстанов, Кулатов – Элебаев,  Л.Толстой – Фрунзе жана Шабдан баатыр – Шоокум көчөлөрүнүн кесилиштеринде орнотулмакчы.

Тендердик арыздарды кабыл алуу 2014-жылдын 21-ноябрына чейин улантылат. Сынактын шарттарына ылайык, жол чырактар ушул жылдын 31-декабрына чейин орнотулуусу пландалып жатат. Сатып алуунун жалпы суммасы 3,3 миллион сомду түзүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан