Бишкек шаардык мэриясына караштуу автобаза күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялайт

Бишкек шаардык мэриясына караштуу автобаза декабрь айында күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Маалым болгондой, тендердин жалпы суммасы 578 612 сомду түзмөкчү. Анын ичинен 389 220 сомго АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдан 7800 литр, ал эми 189 392 сомго АИ-95 үлгүсүндөгү 3560 литр күйүүчү май сатылып алынмакчы.

Учурда борбор калаада АИ-92 үлгүсүндөгү майдын 1 литри 49 сом 90 тыйынды түзсө, АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын 1 литри 53 сом 20 тыйындан сатылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан