Каракол шаарынын бир нече көчөсүнө тротуар жана арыктар салынууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тротуар жана арыктар Шапак баатыр көчөсүнөн баштап Искаков көчөсүнө чейин жана Токтогул көчөсүнө салынмакчы.
Иштин жүрүшү менен 3-ноябрда шаар мэри Рыскул Калыгулов жана биринчи вице-мэр Көлбай Карасартов таанышып кайтышкан.