Ош шаарындагы А.Навои көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөнүн экинчи этабынын курулуш иштери жакынкы убакыт аралыгында башталмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин көпүрөнүн курулуш иштеринин экинчи этабын өткөрүүгө тендер жарыяланган.
“Тендерге жалпысынан 5 курулуш компаниясы катышып, учурда эки ишканадан турган консорциум тандалды. Алар менен келишим түзүү иш-чаралары ушул жуманын ичинде аяктамакчы” деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, курулуш иштери келишим түзүлгөн соң дароо башталмакчы. Бул көпүрөнүн экинчи этабынын курулуш иштерине республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүнгөн.
Эске салсак, буга чейин көпүрөнүн курулуш иштери сентябрь айынын аягында башталары айтылып келген.