Ошто экстремисттик топтордун таасирин алдын алуу максатында муфтий жергиликтүү калк менен жолугушат

Ош шаарында 7-ноябрь күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда муфтияттан билдиришти.

"Муфтий мекендештерибиздин адашып, ар кандай багыттагы диний агымдардын азгырыгына кирип жатканын жана Сирияга азгырган экстремисттик топтордун таасирин алдын алуу максатында шаар тургундары менен жолукмакчы” деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында муфтий “Сулайман-Тоо” мечитине зыярат кылуусу да күтүлүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан