КРнын Стамбулдагы Генералдык консулдугунун колдоосу менен Стамбул шаарында орун алган иш-чарага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары фондунун президенти А.Акибаев жана журналисттер катышышты.
Анда "Түрк дүйнөсүндөгү жаңы долбоор" номинациясында Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн А.Акибаевге сыйлык тапшырылды.
Көчмөндөр оюндарын жайылтуу максатында түрк ишмерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Саамалык Исмаил Гаспаралы атындагы фонд жана ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу 2014-жылы 9-14-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Оюндардын уюшулуусуна мамлекеттик бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн.