Үстүбүздөгү 9 ай аралыгында облустар боюнча 78 объектте жумуш жүрүп, 43 объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-ноябрда ӨКМнын Өндүрүштүк-экономикалык башкармалыгынын башчысы Халилжан Маллаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго билдирди.
“Пайдаланууга берилген 43 объекттин ичинен: 6478 метр коргоочу тосмо (мындан оңдолгон тосмолор 4419 метр, курулган жана калыбына келтирилген тосмолор 2059 метр), 5 ички чарбалык көпүрө, 2 суткалык жөнгө салуу бассейни, 2 сел өткөрүүчү канал (узундугу 482 метр), 1 селден сактоочу курулма, 1 коллектордук-дренаждык түйүн жана 1 көп батирлүү турак жай үй курулуп, жыйынтыгында 14 143 кожолук, 1 кичи район жана 9147 гектар айыл чарба аянттары корголуп, сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 24,1 эсеге жогору болгон”,- дейт Х.Маллаев.