Жалпысынан жаңы Дүйнөлүк соода борборунун курулушуна 3,4 миллиард доллар керектелип, ал 8 жыл убакыт аралыгында сарпталган. Ал эми имараттын жалпы аянты 6,5 гектар жерди ээлеген. Бул имарат эми Америка Кошмо Штаттарындагы эң бийик имараттардын катарын толуктады.
Маалым болгондой, имараттын 60 пайызы ижарага берилип, анын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик кызматтар ижарага алуу боюнча келишим түзүлүүдө.
"Бийиктиги 541 метрди түзгөн бул имараттын эң бийик жерине жакынкы убакыт аралыгында шаарды бийиктиктен көрүүчү аянтча ачылмакчы. Бул аптада 104-кабаттан 109-кабатка чейин өлкөдөгү ири компаниянын биринин 170 кызматкери жайгаштырылмакчы. Ал эми 2015-жылдын башынан борборго дагы 3 миңге жакын кызматкер келип кошулуусу күтүлүүдө" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2001-жылы 11-сентябрда Дүйнөлүк соода борборунун имаратын террорчу башкарган учак сүзүп, ал жарылган. Анын кесепетинен 2753 киши каза тапкан.