Бишкекте жакын арада иттер менен чогуу барчу тамактануучу жай ачылат

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жакын арада иттер менен чогуу барып тамактануучу жай иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына аталган кафенин жетекчиси Ислам Сатаров билдирди.

Маалым болгондой, тамактануучу жайдын ичи 100 адамга эсептелинген. Ага келген кардарлар өздөрү да, төрт буттуу жаныбарларынын да курсагын тойгуза алышат.

“Башында кафебизге келген иттерди ветеринардык паспорттору боюнча каттоодон өткөрөбүз. Андан кийин аларды ээлери "эч кандай оорусу жок" деген медициналык тастыктама менен биздин тамактануучу жайга дайыма алып келе алышат. Ал эми кабанаак иттер үчүн биздин эшик жабык”,- дейт И.Сатаров.

Анын айтымында, учурда иттер үчүн меню даярдалууда. Ошондой эле алар үчүн атайын кичинекей столдор коюлуп, ал кожоюндарынын жанына жайгаштырылмакчы. Ал эми конокко келген иттерди зериктирбеш үчүн атайын мониторлордо иттер үчүн телекөрсөтүүлөр да уюштуруларын кошумчалайт И.Сатаров.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Odik11
2014-11-05 17:03:17
Обедке барганда эки уч ит талашып кетсе жабылат да кайра...
+2
Biinura
2014-11-05 17:42:33
))))), бир кулуп алдым. И. Сатаров иттердин туулган кунуно, тоюна алып баруучу болду деген макала чыкса тан калбайм))).
+2
Mendereska
2014-11-05 18:03:51
Тооба дагы бул эмнеси деги?
+1
33SUUN
2014-11-05 18:08:34
Бул акча коротуу максаты эмес наборот акча табуунун максатында ачып жатат.Чет олколордо ушул сыяктуу ресторандар бар,кирешеси абдан коп.
+1
Kalin466
2014-11-05 18:40:28
Ушунусу лично мага жаккан жок. Ит деген ит да эми. Ал кафеден кантип адамдар тамак ичишет? Гигиена канча таза кармасан деле жаныбарлар адамдай эмес болуш керек. Эми мончо иттер учун,публичный домдорду ачабыз деп чыгышбаса болду.
+1
Arti
2014-11-05 19:07:04
Ислам андан коро кочодо каралбай калган бомждарга жатана ачсан кичине сообу тиймек. Сени ким колдоп жатат? же Бишкекке келип, иттерге кызыккан Ин-Грид http://www.super.kg/kabar/news/67307/
спонсор болуп жатабы? Албетте ал уйундо эчки бакса, сен эми маймыл багып алаарсын. Кудайды карап иш кылсан. Обу жок келин орсок уй саайт болбой.
+1
al-abu-kinesz
2014-11-05 19:15:10
Кайран гана кыргызым, эми иттер менен бир дасторкондо отуруп тамактанып калат экенбиз да.... ачса го ача берсин оз эрки, кошуна мамлекеттерге кулку болбосок эле эми
+3
alhimic
2014-11-05 19:19:26
Ингрид келип именно бишкеке кафе ачмак беле. Ислам киреше табуу учун ачып жатат азамат. Бул иш деле онойго турбаса керек.Санитардык козомол эн башкы маселе. Шаарда жалгыз кафе болгондуктан кирешеси да соонун болот.Себеби жалан байлар келет да. Жонокой уй булоолор иттер эмес оздорун аран багышат. Айтып тургандай кабанаак тарбиясы жок иттерди киргизбейт деп. Ал эми шаарда ити бар бай адамдар толтура. Ислам озу молодец колдойм. Маданиятты онуктуруп жатат дуйно жылдыздардын укмуштарын чакырып.
-4
alhimic
2014-11-05 19:29:56
колдошту качан уйронобуз таланттарды... Кыргызчылык жанна пессимизм учун онуго албай жатабыз достор Ислам красавчик... кафе кыргыздар келбейт кыргызстандагы башка улуттун окулдору келет да. Менин бир таанышым чет олкодо 6 жылдан бери байдын итин багат айлыгы 12 000 акш доллары. Абдан кирешелуу булак бул.
-4
yarmuuk
2014-11-05 20:51:04
Temasin itterdin kafesinen adamdargada orun dayardaliptir desener tuura bolot bele.
+1
semakg
2014-11-06 03:25:21
Ислам жанагы бир Ирандыкты Рамин Монтазари деп алдап кийин ал жалганы чыгып ит болбоду беле, Эми иттер учун кафе ачса тан калбай эле койгула.
+2
alai81
2014-11-06 04:09:45
Жакшы бизнес.ээсине этин шорпо кайнатып,соогун итине берип кафеден жугунду чыкпайт экен да.акырында ээсинин идиши м.н итинин идишин бир жууп койсо.
+2
jarkyn_jakta_jasha
2014-11-06 10:31:20
иттер менен адамдардын ашканасы чогуу болот бекен же болокпу...аралаш болсо олот го...элестетсенер ит менен адамга тамакты бир казанда бышырып жатышса....
+1
Gul.08
2014-11-08 06:10:15
Кафенин ордуна Мечеть курбайбы ......
0
Gul.08
2014-11-08 06:11:01
Анда жакында Бишкекте Гей клубда ачылат коросуздор((((((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан