Кыргызстан өздүк өндүрүштүн эсебинен эт азыктары менен 54 пайызга камсыздалууда

Кыргызстан өздүк өндүрүштүн эсебинен өзүн эт менен 54 пайызга, ал эми нан азыктары менен 83 пайызга чейин камсыздайт. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 5-ноябрда өкмөттүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, өлкө өзүн картошка менен 126,8 пайызга, сүт азыктары менен 117,5 пайызга, жашылчалар менен 160,8 пайызга, мөмө-жемиштер менен 25,7 пайызга, ал эми жумуртка менен 43,9 пайызга камсыздайт.

Экспорт-импортту камсыздоону эске алганда, негизги азык-түлүктөр: нан продукциялары 144,2 пайыз, картошка 127 пайыз, сүт азыктары 117,5 пайыз, эт азыктары 67,5 пайыз, жашылчалар 162,4 пайыз, мөмө-жемиштер 29,1 пайыз, жумуртка 48,6 пайызды, ал эми өсүмдүк майы 106,9 пайызды түзсө, кумшекер 44,5 пайызды түзүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан