5-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 425 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка быйыл секундуна 172 метр куб суу агып кирген болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 212 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 479 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 477 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 5-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 657 миллион метр кубду түзгөн.