3-ноябрь күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү мекемелеринин кышка даярдыктарын текшерүү боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө бир катар мекемелер кароодон өткөрүлүп, ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө №30, 34, 35, 45, 48-орто мектептерде жана №60-бала бакчада күн сайын түнкү саат 12:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн, аба ырайынын температурасы кескин өзгөрүп, жылуулук системинин муздап калуу коркунучу бар экени белгилүү болду. Бул көйгөйдүн негизинде электр жарыгысыз калуучу объектилерге 10-12 тоннадан көмүр түшүрүлүп берилди. Рейддин жыйынтыгында билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы жакшы деп бааланып, тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди.