Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 6-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Дэн Сяопин көчөсүндөгү

№16-көп кабаттуу үйдө, Арча-Бешик (Репин, Кең-Суу, Сары-Булуң, Бах, Түштүк магистраль, Садырбаев көчөлөрү) конушунда, Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин өзүн-өзү көтөрүп туруучу обочолонгон зымдарды тартуу, “Көк-Жар” бөлүштүргүч пунктунда, ошондой эле №329, 2114, 3274, 1658, 3546, 2909, 3255, 2445,1329, 3447-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мындан сырткары Төрөкул Айтматов, Курманжан датка, Жибек Жолу, Абдрахманов, Маяковский, Ленинградская, Кайназарова, Орская, 2-я Товарная, Мурманская, Кустанайская, Алыкулов, Садыгалиев, Власов, Кудрук, Күрөңкеев, Ташкентская, Ленская, Кронштадская, Фучик, Власов, Брестская, 9-январь көчөлөрүнө, Кант, Долон, Офицерский, Клубный, Кустанайская тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Майское (Октябрь, Курманалиев, Набережная, Молодёжная, Арык, Ала-Арча, Тепличная, Восточная, Жаш Гвардия, Сельская, Строительная, Больничная, Школьная көчөлөрүндө, “Милкмастер” МЧК), Пригородное (Горький, Московская, 1-Май, Береговая, Садовая, Сибирская көчөлөрүндө), Арашан, Таш-Мойнок, Көк-Жар (Маликов, Чоң-Багыш, Үмөталиев, Эгенбаев, Беш-Күнгөй көчөлөрүндө), Кара-Жыгач (Шопоков, Фрунзе көчөлөрүндө), Бек-Тоо, Баш-Кара-Суу, Заречное, Таш-Төбө, Ленин (Набережная, Алматы, Виноградная, Восточная көчөлөрүндө, Луговое (“Алистрой” МЧК), Кайырма, Бирлик (Токтогул, Новая көчөлөрү), Васильевка (Комсомольская, Лесная, Фрунзе көчөлөрү) айылдарында, Учкун конушунда (СЭМ ЖЧКсы) жана ГЭС-5 (Октябрдын 40 жылдыгы көчөсү) кыштагында жарык өчөт. Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында, Ысык-Ата районундагы Кант (Жакыпов, Ванахун, Октябрь, Буслаев, Пушкин көчөлөрү) шаарында, Сокулук районуна караштуу Сокулук, Асылбаш айылдарында, Москва районуна караштуу Сретенка айылында “Ак-Башат”, “Майская”, “ДСК”, “Стрельниковой”, “Кара-Жыгач”, “Орто-Алыш”, “Константиновка” ГЭС-6, “Бирлик”, “Ак-Башат”, “БЧК”, “Россия”, “Александровка”, “Белогорка” көмөк чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан