КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мигранттарды Орусиянын Миграция кызматынын "кара тизмесинен" акчалай сыйлык үчүн чыгаруу боюнча кызмат көрсөткөн ишканалардан алыс болуу керек экендигин эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, "кара тизмеден" чыгаруу боюнча убада берген белгисиз ишканалар пайда болууда. Булар өз кызматы үчүн 20 миң сомго чейин акча алып жатышат.
"Аталган тизмеден чыгаруу кыргыз-орус макулдашууларынын алкагында акысыз жүргүзүлөт. Бул милдетти КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аткарат",- деп билдирди басма сөз кызматы.