Бишкекте Кыргызстанда жасалган органикалык жана табигый продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Иш-чара 4-ноябрда башталган, 6-ноябрда жыйынтыкталмакчы.
“Бул жылы аталган жарманке Бишкекте үчүнчү ирет уюштурулууда. Ага өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 80ден ашуун айыл чарба фермерлеринин өкүлдөрү катышып жатат”,- дейт жарманкенин уюштуруучусу Майрамбек Боронбаев.
Жарманкеге бал, эт, жумуртка, таттуу азыктар, чайлардын түрү, май, сыр, колбаса, дары чөптөрдүн түрлөрү, кургатылган мөмө-жетиштер жана жер семирткичтер коюлган. Ошондой эле кийим-кечелерди, тумак, жоолук, бут кийим, шырдактарды, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдарды, косметика, бижутерияларды жана күнүмдүк жашоодо керектелүүчү миң түркүн нерселерди табууга болот. Белгилей кетчү нерсе, көргөзмөгө коюлган азык-түлүк жана кийим-кеченин баалары базардыкынан бир аз төмөн.