Баткен облусунда 7-8-ноябрь күндөрү жергиликтүү имамдарга экстремизм-терроризмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда муфтиятын басма сөз кызматынан билдиришти.
Семинардын алкагында муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов экстремизм-терроризмдин алдын алуу менен бирге имамдардын мүмкүнчүлүгүн чыңдоо максатында имамдарга лекция окуйт. Ошондой эле адашуу, туура эмес багыттагы терс агымдардан коргоо боюнча кеңири маалымат берилмекчи.
Иш-чарага УКМК, ИИМ, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан өкүлдөр катышат.