Ош шаарында көп функционалдуу оорукананын курулуш иштери башталды

Ош шаарындагы Амир-Темир кичи районундагы 20 бөлүмдүү көп функционалдуу оорукананын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев да катышты.

“Ош шаарынын мэриясы социалдык объекттердин курулушуна өзгөчө көңүл бурат. Учурда шаарда 3 бала бакчанын, мектептин, оорукананын курулушу жүргүзүлүүдө. Биздин негизги максат - бардык жашоочулар үчүн шарт түзүп берүү. Ош шаарынын мэриясы өзүнүн ишинин негизги вектору катары социалдык тармактын өнүгүшүн эсептейт. Калк үчүн социалдык объекттердин курулушу - приоритеттүү биздин тапшырма”,- дейт А.Кадырбаев.

Кечээ имараттын пайдубалын куюу иш-чарасы өттү. Ал эми 2015-жылдын май айында аны колдонууга берүү пландалууда.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев, вице-мэр Жапарбек Ормонов, шаардык уюмдардын, ведомстволордун жана мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан