Белгилүү сүрөтчү Ван Гогдун акыркы тарткан эмгеги 61,8 миллион долларга сатылды

Белгилүү сүрөтчү Винсент Ван Гогдун акыркы эмгеги Нью-Йорктогу Сотбис аукционунда 61,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган сүрөт импрессионисттер менен модерн сүрөтчүлөрдүн күзгү аукционунда Манхэттенде сатылган.

Маалым болгондой, “Карападагы ромашкалар жана кызгалдактар” деп аталган сүрөт 1890-жылы тартылган. Буга чейин аталган сүрөт 30-50 миллион долларга бааланып жаткан. Натюрмортту Ван Гог аны өлөр алдында бир нече ай дарылаган франциялык дарыгер Поль Гашенин үйүндө жаратканы белгилүү. Ал эми Гашенин портрети 1990-жылдары рекорддук 82,5 миллион долларга сатылганы айтылып келет. 

Ван Гог 1853-жылы 30-мартта Голландиядагы Грот-Зюндерт кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал дин кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылганы белгилүү. Алгачкы чыгармаларында карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды жаратканы белгилүү. 

Ван Гог 36 жашында Францияда өзүн өзү атып өлтүргөн. Айрым маалыматтарда анын жини чукул экени айтылат. Күндөрдүн биринде ал кулагынын жарымын кесип салган экен, андан көп өтпөй ал жин оорулар менен жабыркагандардын ооруканасына түшүп калган. Акыры ал өзүнө өзү кол салып каза тапкан.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан