10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү жана Кыргызстандын жаштарынын күнү белгиленет. Бул күнү Токмок шаарында аймактардагы жаштарды колдоо максатында Жаштар үйү ачылат.
Өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөө максатында ачылып жаткан жайда жаштар түрдүү иш-чараларды уюштуруп турушат. Ачылышка КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алымкулов, өлкө аймагындагы активист жаштар катышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 48 Жаштар борбору, 4 Жаштар үйү ачылып, иш алып барууда. Аталган борборлор жаштарды колдоого багытталган. Жумушсуз жаштарга семинар, тренингдер өткөрүлүп, чет тилдерди үйрөнүүгө шарт түзүлөт.