Ош шаарында Амир-Темир кичи районунда 95 орунга ылайыкташтырылып курулуп жаткан балдар бакчасы декабрь айына чейин бүткөрүлөт. Долбоордун сметалык баасы 59 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кечээ, 5-ноябрда бул бала бакчанын курулуш иштери менен таанышып чыкты. Анда мэр жылуулук берүү системине жана начар сапатта коюлган эшиктерге көңүл бурду. Андан соң тиешелүү кызматкерлерге бул кемчиликтерди 1 ай ичинде оңдоп чыгууну тапшырды.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарында учурда 3 балдар бакчасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Анын бири Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда болсо, экөө Жапалак айыл аймагында.