Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун автобекетинде шаар мэри Салайдин Авазов айдоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Анда шаардагы унаа тыгындары боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр унаа тыгындарын азайтуу жана бул маселени чечүү максатында шаардын борборунда Ош, Өзгөн, Кара-Суу багытына каттаган айдоочуларды автобекетке жылдырып, шаардын борборунда жалаң шаардын ичине каттаган унаалар гана турарын айтты. Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүндө унаа тыгындары көп болгондуктан, унаа токтотуучу жайларды башка жайга жылдыруу керектиги айтылды. Автобекеттин аянты 98 сотук болсо, сырткы багыттарга каттаган унаалар үчүн 56 сотук жер бөлүнгөн. Ар бир катарга 50 унаа бата тургандай орун даярдаларын автобекеттин жетекчиси Азамжан Эшматов айтып өттү.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында каттоодон өткөн 10 607 унаа бар. Ал эми күнүгө кирип-чыккан унаалардын саны 10 миңден ашуун.