Бишкекте Улуттук филармонияда бүгүн, 6-ноябрда мамлекеттик ишмер, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Т.Усубалиевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган даректүү тасма менен ачылды. Андан кийин КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчынын атынан куттуктоо жолдоп, Т.Усубалиевдин небересине саат жана чөйчөк белек кылды. Ошондой эле ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековдун атынан да депутат Надира Нарматова аксакалдын небересине белек тапшырды.
“Турдакун Усубалиевдин доору менен Кыргызстандын тарыхынын басымдуу бөлүгү байланыштуу. Анын доорунда борбордогу ондогон тарыхый мекемелер курулган. Анын ишмердүүлүгү, өмүрү бир кылымдын узактыгына барабар. 20-кылымдын ысык-суугун, ачуу-таттуусун татып, толук сезип, аны 21-кылымга алы-күчү кубаттуу болуп өткөрдү. Ал башкарган 24 жыл аралыгында социализм доору өндүрүш, билим берүү, маданияттын гүлдөп турган заманын карыткан. Ал ийгиликтер асмандан түшкөн жок, оңой табылган эмес. Турдакун Усубалиевдин доорунда иштерман, куру сөз эмес, ишке так, меймандос өлкө катары таанымал болчубуз. Биз Турдакун Усубалиевди калаанын архитектору деп атасак жаңылышпайбыз”,- дейт экс-президент Роза Отунбаева.
“Бүгүн өлкөбүздө өзүнчө тарыхый окуя болууда, биздин Турдакун Усубалиевич 95 жашка чыгып отурат. Аксакалыбыздын ишмердүүлүк жолу 75 жылга тете. Анын доорунда ГЭС, ЖЭБ, суу сактагычтардын курулушу, алардын толук кандуу иштөөсү жүзөгө ашырылган. Анын жетегинде заманбап унаа куруу, электроника, гидроэнергетика сыяктуу тармактар өнүккөн. Мектеп, жогорку окуу жайлар, жумушчу кадрларды даярдоочу окуу жайлар да ачылганы маалым. Ошондой эле бир катар аба майдандарынын курулуш иштери аяктаган. Бул инсан мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн адам катары белгилүү. Ал басып өткөн 95 жыл - кыйынчылык, ийгиликтер менен коштолгон улуу адамдын жолу. Ал адам - легенда, ал чын дили менен мекенине кызмат кылган”,- деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев.
Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Бишкектин мэри К.Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, башкы прокурор Аида Салянова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев, айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, ЖКнын депутаттары, бир катар мамлекеттик ишмерлер жана Т.Усубалиевдин санаалаштары катышты. Иш-чара чакан концерттик программа менен аяктады.
Белгилей кетчү нерсе, иш-чарага келген коноктордун саны арбын болгондуктан, кечирээк келген аксакалдар туруп калып жатышты. Улуттук филармониянын концерттик залы 1108 адамга эсептелинген, ал эми келгендердин саны 1200дөн ашты.