Медициналык кызматкерлер үчүн аутизм дарты тууралуу республикалык семинар өткөрүлдү

5-6-ноябрда Бишкекте “Аутизм дарты менен ооруган балдарды аныктоо” аттуу республикалык семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты өлкөдө аутизм менен ооруган балдарга болгон медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу болду. “Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2014-жылдын башында 74 аутист-бала катталган. Бирок чындыгында бул көрсөткүч бир топ жогору”,- дешет уюштуруучулар.

Алардын билдиришинче, аталган семинарга КРнын саламаттык сактоо системинин 35 өкүлү (педиатрлар, психологдор, невропатологдор), өзгөчө балдар менен иштеген “Жаңырык” тармагынын күндүзгү борборунун 8 өкүлү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан