Бүгүн Аскер институтунун 74 жылдыгы белгиленип, окуу жайга Коргоо министрлиги тарабынан компьютер тапшырылды

Бүгүн, 6-ноябрда Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун 74 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу жайдын жетекчилигин, окутуучуларын жана курсанттарын куттуктоого КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев келди. "Министр бардык катышуучуларга аскердик искусствону өздөштүрүүдө жана максаттарга жетүүдө ийгилик каалады. Ал эми курсанттарга келечекте офицер болууну тиледи. Андан соң Аскер институтуна Коргоо министрлигинен компьютер тапшырылды. Иш-чаранын расмий бөлүгү бүткөн соң, А.Кудайбердиев окуу жайдын абалы менен таанышып, институттун кызматкерлери жана офицерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү",- деп билдирет Башкы штаб.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан