"Турдакун Усубалиев өзү аксакал болсо да, жаштардан кем калбай, Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында эмгектенди. Мен да бул инсан менен иштешкенге жетиштим, андан көп нерсени үйрөндүм. Ал убагында көптөгөн маселелерди көтөрүп чыккан. Мен өзүм анын ичинен 3 маселеге өзгөчө көңүл бурат элем. Биринчиси - "Кумтөр" маселесин көтөрүп, Кыргызстандын "Кумтөр" долбоорунан 10-15 пайыз үлүшүн көтөргөндүгү. Экинчиси - "суу - Кыргызстандын байлыгы, ал - товар, сууну коңшу өлкөлөргө берген үчүн акча алышыбыз керек" деп идея сунуштаган. Кийин ал "Кыргызстандагы гидроинженердик объектилер" деген мыйзамды иштеп чыгып, сууну сатуу демилгесин көтөрүп чыккан. Бүгүн энергетикалык кризис курчуп турат, ушуну убагында көрө билип, "Кара-Кече" көмүрүн Бишкекке жана башка региондорго ташытып келген. Ошондой эле темир жол куруу демилгесин көтөргөн. Анда 1990-жылдары каражат жоктугунан улам ал ашар жолу менен башталган. Тилекке каршы, кийинки өкмөт бул идеяны көтөрүп кеткен жок”,- дейт Өмүрбек Текебаев.
Анын айтымына караганда, эгер Т.Усубалиев көтөргөн маселелер өз убагында каралса, бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктар, кризис бир кыйла жеңил болмок.